Жалал-Абад ОИИБи: "Токтогулда майып кызды зордуктаган деген шек менен 1997-жылы туулган 2 бала камакка алынды"

Токтогулда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган деген шек менен 1997-жылы туулган 2 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин SUPER.KG порталына Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну белгисиз адамдар анын кызын күч колдонуп зордуктап, ур-токмокко алгандыгы тууралуу айтып берген.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБи төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Токтогул РИИБине, аталган райондун Өзгөрүш айылынын Аң-Арык участкасынын тургуну 1971-жылы туулган Б.Г. арыз менен кайрылган. Анда 12-июль күнү болжол менен саат 18:00дөр чамасында Өзгөрүш айылынын Аң-Арык участкасындагы жайгашкан үйүнүн короосунун сыртынан 2001-жылы туулган Ө.кызы.А. аттуу
кызын белгисиз балдар ак түстөгү автоунаага салып кетишип, Токтогул районунун Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы талаага алып барып саат 21:30дар чамасында унаанын ичинде эле кыздын эркине каршы күч колдонуп зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган",
- дейт маалымат катчы.

Арыздын негизинде 13-июль күнү Токтогул РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү деп Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургундары 1997-жылы туулган Н.уулу.Ш. жана К.уулу.С. колго түшкөн. Кармалган жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, иликтөө иштери бүткөнгө чейин 2 айга камакка алынган.

Ал эми жабырлануучу тарапка соттук-медициналык экспертиза жана башка дагы тийиштүү эскпертизалар дайындалган. Азыркы күндө аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу күтүлүүдө.

Майып кызды зордуктоого шектелип айылдаш 2 бала кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Samash-87
2018-07-16 14:33:59
Акмактар алынар ошол майып кызга жеттиби.башка кыздар силерди карабаса,кара эшекти кылбайт беленер.
+12
Shokoladka94
2018-07-16 14:35:02
Өлүп баратат белеңер айбандар, өзү майып кыз болсо, жазанарды алгыла эми!
+8
Kunbeken
2018-07-16 14:37:50
Оспурумдорду зордуктоо кобойду ( бычып салуу законун киргизуу керек
+5
monster_high_98
2018-07-16 14:39:20
97лер уже акылына кирип эле калгандар болушу керек эле го, даанаго
+7
Potriot.KGstan
2018-07-16 14:54:42
monster_high_98,Адамдын аары жагынан болбосо кыйын экенда.Оз кызын зордуктап атпайбы тупойлор.
+7
Nanei
2018-07-16 16:16:48
monster_high_98,97 жылкылар уже 21 де,чон киши болуп саналышат уже
+2
Potriot.KGstan
2018-07-16 14:51:26
Беш минуттук ыраахат...

Эми жок дегенде беш,он жылдык жазаа...

ХХХХХХХХХХ
+5
Munar92
2018-07-16 15:28:22
Гниколог Кыз экен деватпады беле тушунбодум мен
+2
dinara7684
2018-07-17 11:26:36
Munar92,
Гинеколог кыз деген чакта дагы,кандай акысы бироонун кызын кеч куугумдо салып кеткенге,майып дагы экен.Малдар 21 жаштагы балдар жаман жакшыны билип эле калышты го.
+1
Munar92
2018-07-16 15:28:49
Ошондо Гниколог жалган айткан болобу эмне?
+3
Bayazet
2018-07-16 15:36:17
Бычкан болбойт олум жазасын бериш керек акмактарга
+2
bond02
2018-07-16 15:51:47
Аа 97 болсонор 21жашынарда «турмушка» чыгат экенсинер да тиякта.
+6
RusMos76
2018-07-17 08:26:28
Супер неге майып кыздын суротун коёсунар да кылмышкердин суротун койгондон коркосунар!!!!
+2
Айзада Тураркулова
2018-07-17 09:10:10
RusMos76, Саламатсызбы, тергөө иши бүтө элек аларды сот күнөөлүү деп тапкан соң гана сүрөтүн бергенге болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан