МЕДИА-ПОРТАЛ: "Ойлон элимдин" клибин кайрадан көргөндө ырым жаагыма бир чапкандай болду" дейт Кайрат Примбердиев

2008-жылы хит ырлардын катарын толуктап, элди "ойгонууга" чакырган ыр катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин "Ойлон элим" ырын айтсак болот. "Азыркы учурда биз, ырчылар, өз миссиябызды унутуп бараткандайбыз" деген Кайрат 10 жыл мурда тартылган клиби тууралуу буларга токтолду:

"Ойлон элим" ырым жеңил жазылган ырлардын катарында эмес. Бул ыр көптөгөн оңдоп-түзөөлөрдөн өтүп, бир ай аралыгында жаралган. Ыр даяр болгондон кийин биринчи эле продюсер Динара Эсенгуловага ырдап бергем. Ал дароо эле клип тартууну сунуштаган. Ырды жазып жатканда эле клип кандай тартыларын элестетип, Чүй өрөөнүндөгү чөлгө окшош жерди таап, ошол жактан тартканбыз. Кадрдагы актёрлордун арасында досторум да болгон. Хандын кулдарын сабаш керек болгон учурда досум эч кимди таяк менен ура албай, биринчи мени сабап көргөн. Ошондо өзүм катуу эле таяк жеп калгам", - дейт күлүп.

Ырчы мырзанын айтымында, клип тартылган жылдары элдин жашоого болгон көз карашы, заман дагы башкача болгон. Бүгүнкү күндө элдин көйгөйүн өз ырларында айтып ырдаган ырчылар азайып кеткендей сезилип жатканын кошумчалады.

"Бул клипти азыр көрүп, өз ырым мени кайрадан ойготту деп айтсам жаңылышпайм. Ырым мени жаактан ары бир чапкандай болду. Мен ошол убактагы койгон максаттарымды унутуп койгондоймун. Ырчылардын миссиясы - айланабызда болуп жаткан көйгөйлөрдү ырларыбызда чагылдыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз жеңил-желпи, бийлөөгө ылайык, шаңдуу ырларга басым жасап калгандайбыз".

"Ойлон элим" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан