Аламүдүн-1 районунда көчөгө ташталып каза болгон ымыркайдын апасы дале табыла элек

Аламүдүн-1 районунда көчөгө ташталып каза болгон ымыркайдын апасы дале табыла элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов 16-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, факты 2017-жылдын 14-декабрында катталып, кылмыш ишинин алкагында апасы издөөгө алынган.

"Жыл башынан бери Бишкекте адам өлтүрүү боюнча 30 факты катталып, 27си сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми зордуктоо боюнча 34 факты катталып, 31и сотко өткөрүлгөн. Өзгөчө адам өлтүрүү фактыларынын бетин бир күндүн ичинде эле ачууга жетишебиз. Бирок көчөгө ташталып каза болгон ымыркайдын өлүмү боюнча фактынын бети дале ачыла элек", - деди Рахманов.

Эскерте кесек, 2017-жылы 14-декабрь күнү саат 13:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан