Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде талаа үстүнө чуркап чыккан күйөрмандар административдик жазага тартылды

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде талаа үстүнө чуркап чыккан күйөрмандар административдик жазага тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Пусси Райт" панк-тобунун 4 өкүлү "Милиция оюнга кошулат" аттуу акциясынын алкагында полиция кызматкерлеринин кийимин кийип оюн талаасына чуркап чыгышкан. Буга байланыштуу Франция менен Хорватия курамаларынын беттеши убактылуу токтотулуп, тартип бузуучулар кармалган.

Кармалгандарга "официалдуу спорттук мелдештердин жүрүшүндө көрүүчүлөрдүн жүрүм-турум эрежелерин бузуу" жана "мамлекеттик аскердик уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана жөнгө салуучу органдардын өзгөчө белгилери бар кийимдерин мыйзамсыз кийип алуу" беренелери боюнча административдик айып салынды. Алардын ар бирине 10 миң рублдан айып жана спорттук иш-чараларга кирүүгө тыюу салынат. Андан тышкары эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Орусия футбол федерациясына санкцияларды киргизмекчи. Ал акчалай айып, күйөрманы жок беттеш өткөрүү жазасы же башка өлкөдө оюн өткөрүү жазасы болушу мүмкүн экендиги маалыматта жазылат.

Айта кетсек, 2015-жылы Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дагы ушундай учур орун алган. Анда Кыргыз Республикасы-Австралия беттешинин жүрүшүндө кыргыз күйөрманы талаа үстүнө чуркап чыккан. Күйөрмандын бул кылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына ФИФА тарабынан 28 миң доллар айып салынган.

Футбол аянтына чуркап чыккан күйөрмандар (Финал: Франция - Хорватия)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalay25
2018-07-16 17:13:19
Идиотизм
0
monster_high_98
2018-07-16 22:54:20
taalay25,за то кумирине бетме бет жолуктк да
+2
Nurzada_0111
2018-07-16 18:21:50
28мин долларга айып салдырбай эле местасынан эле ары бери чуркап койсо болиок экен
+1
Meni_unut
2018-07-16 20:42:33
Уят эле
0
monster_high_98
2018-07-16 22:53:52
Кыз агып калыптырго суйроп кетишип жатса,тоба тоба,,,,,Мбаппе азамат конулун которуп коюптур
+1
Modric10
2018-07-17 10:21:54
баарынан охрандарга кыйын экен.оюн корбой элди кайтарып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан