Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн Гран-При мелдешинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдиришти.
Мадрид шаарында өткөн мелдеште Кыргыз Республикасынан 2 спортчу катышкан. Анда Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшсө, 53 килограммга чейинки салмак ченинде Мадина Надирова өзүн сынап көрдү.
Айсулуу Тыныбекова мелдештин жүрүшүндө алгач Орусиянын спортчусун, жарым финалда жана финалда казакстандык балбандарды утуп, алтын байгени жеңип алды. Ал эми Мадина Надирова жеңилүү ызасын тартып, медалга илешкен жок.
Эске салсак, буга чейин Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн эл аралык мелдеште коло медалды тагынган.