Дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси жер астынан табылып, анын өлүмүнө шектүү катары жубайы жана эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 4-июль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынын 53 жаштагы С.Т. аттуу тургуну кайрылып, 54 жаштагы М.Р. аттуу күйөөсү 1-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон келе электигин билдирген. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 4-бөлүмү (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам изилдөө иштеринин алкагында 11-июль күнү саат 17:00 чамаларында Аламүдүн районунун Кайырма айылынан анча алыс эмес жердеги мүрзөнүн жанынан болжол менен 55-60 жаштагы эркек кишинин сөөгү казып алынган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (топтошуп адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Маркум арыз жазган аялдын күйөөсү болуп чыккан.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 53 жаштагы арыз ээси, 38 жаштагы М.Э. аттуу киши колго түшүрүлсө, ошол учурда Орусияга учуп кеткен 39 жаштагы С.Н. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ал Москвадагы аэропорттордун биринен кармалып, Кыргыз жерине алып келинип убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, ал адам милицияда иштеген. Тийиштүү экспертиза дайындалып, кылмыштын чоо-жайы такталып жатат.