УКМКнын камагында отурган Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов тергөөчүлөр шантаж кылып жатканын билдирди.
"Сапар Исаков менен жолугушууга барганымда ал мага төмөнкү окуяны айтып берди. 13-июлда саат 11де ал УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө жеткирилген. Тергөөчү өзү иш бөлмөсүнөн чыкканда, өзүн Илим деп тааныштырган УКМКнын кызматкери Сапар Исаковго "адвокат Токтакуновдун кызматынан баш тартууну" сунуштаган. Эгер баш тартпаса, Викиликс сайтындагы Исаковдун аты аталган мурдагы маалыматтардын негизинде кылмыш ишин козгой турганын айтты УКМКнын кызматкери. Сапар Исаков бул сунуштан баш тартып, тергөөчүлөрдүн бул шантаж аракетин жалпыга жарыялоону тапшырды", - деди Токтакунов.
УКМК бул маалымат боюнча азырынча жооп бере элек.
Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.