Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен изделип жаткан адамдын фотороботу түзүлдү

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен изделип жаткан адамдын фотороботу түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жыпара Исабекова 17-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта судмедэкспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ошол себептен кыздын зордукталаганын же зордукталбаганын так айтуу мүмкүн эмес.

"Азыркы тапта 10 жашар кызды зордуктаган адамдын фотороботу түзүлүп бардык милиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү. Азыркы тапта ал изделип жатат", - деп билдирди Исабекова.

Айта кетсек, Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00дөр чамасында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
monster_high_98
2018-07-17 12:04:28
10-июлдан бери кыз зордолгон зордолбогонун билбей,ХХХХ журушобу не
+6
Missing-u
2018-07-17 12:33:34
Журналисттер Кочкор ата шаарында озунун 4 жашар кызын зордуктаган деген маалымат журот сураныч тактап бергилечи кошуналары милицияга берсе кайра койберип жатыптыр окуп жаман болуп жатабыз сураныч изилдегилечи журоктор тилинип бутмой болду
+4
admin_superstan
2018-07-17 13:14:28
Missing-u,
Саламатсызбы! ЭЛДИК КАБАР: "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" дейт окурман https://www.super.kg/kabar/news/238433/
0
engel
2018-07-17 13:14:55
Missing-u, кызды алып барып мед.экспертизадан откоруш кыйынбы? Милиция анткенге акысы жокпу же?
+2
admin_superstan
2018-07-17 13:13:28
monster_high_98,
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
ZhanMM
2018-07-17 13:19:22
Мындайларга катуу чара көрбөсө акыркы күндөрү көбөйүп кетти
0
Nevestkaa
2018-07-17 14:08:24
Кудайым ааай 10 жаш 6жаш 4жаш..... ушундай бейкүнөө наристелердин убалы уруп кетсин.Милиция реакция кылбай жатат мындай айбандарга элдер өздөрү кармап ташбараңга алып өлтүрүш керек.
+2
OMURBEK.
2018-07-17 14:49:40
баса фото роботтун козун жашырып койууну унутуп калбадынарбы
+6
-FREEDOM-
2018-07-17 14:56:29
Креслодо отургандар мн милциялардын кыздары зордукталганда корот элем жарым саатта таап койот эле. Карапайым элдин баласыга куйбойт булар.
+2
pyeon hwa
2018-07-17 17:19:55
Кудай сактасын мга окшошуп кетти сурот(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан