Бишкекте коңшу өлкөдөн келген уурулар кармалды

Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коңшу өлкөдөн келген ууруларды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, апрель айында Бишкек шаарынын кичи райондорунун жашоочулары милицияга арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын биринин айтымында, 3-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында белгисиз адамдар баалуу буюмдарды уурдоо максатында анын үйүнө кирген. Ушундай эле арыз менен башка шаар тургуну май айында милицияга кайрылып, 50 миң сом уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар боюнча Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция бул кылмышка шектүү катары 2 адамды кармаган. Алар 1983-жылы туулган Г.В. жана 1979-жылы туулган Ш.О.Р. аттуу Казакстандын жарандары болуп чыкты. Алардын ижарага алган батирине тинтүү иштерин жүргүзгөндө 5 телефон, саат, электрошокер, домофондук чиптер, ар түрдүү ачкычтар жана акчалар табылган.Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zzz---zzz
2018-07-17 19:27:48
Сүрөтүн ачык эле койбоптур эл да көрсүн булардын жүзүн.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан