Кыргыз Эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев Кыргыз Эл баатыры наамына көрсөтүлгөн. Социалдык тармакта "Муратбек Бегалиев жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жетиштүү добуш ала албай министр Султан Жумагуловго опурулган" деген билдирүү тараган. Бул тууралуу композиторго байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"14-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият ишмерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча коллегия өткөргөн. Анда мага Эл баатыры наамын берүү маселеси каралып, министр баш болуп, комиссиянын мүчөлөрү добуш беришти. Министр Султан Жумагулов төмөн баа бергенден кийин коллегиянын бардык мүчөлөрү дагы төмөнкү баасын беришти. Добуш берүү маселеси каралып жатканда министр "Кочкорлук белеңиз?", "Кара-Кулжалык эмессизби" деп мага асылып, башкача мамиле жасап жатты. Министр "сиз бул наамды алуу үчүн 5 жылдан кийин орден алышыңыз керек, андан кийин дагы бир орден алышыңыз керек" деди. Анан чыдабай кетип "Мен сага жаш бала эмесмин. Мындай мамиледен кийин, ушул окуядан кийин мен бул жерде отура албайм" деп чыгып кеткем", - дейт ал.
Ал эми министрдин маданият өкүлүнө эмнеге мындай мамиле кылып жаткандыгын композитор мындайча түшүндүрдү.
"Мындан бир жарым ай мурда Султан Жумагулов мага "сизди коллегиянын мүчөлүгүнөн алып салдым, капа болбоңуз" деп телефон чалды. Мен "нанга таарынган баладай болуп эмнеге таарынмак элем, барбасам кайра жакшы" дедим. Эртеси күнү коллегиянын өзгөртүлгөн курамын карасам менин аты-жөнүм жүрүптүр. Көрсө, өкмөт "Бегалиевсиз дагы коллегия өтмөк беле?" деп кошуп коюптур. Андан кийин коллегиялар өтүп жатты, бирок министр мени чакырган жок. 13-июлда коллегиянын аксакал мүчөсү чалып "эртең сага наам берүү боюнча отурум болот, келип жакшынакай болуп отуруп бер" деди. 14-июлда барсам Султан Жумагулов мага тийишип, асылып жатты. Мен бул тууралуу кеңири маалыматты эфирлерден берем", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Эл баатыры наамы төмөндөгүдөй учурда берилет:
1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
3. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.