Буга чейин окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Анда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №28-мектептин социалдык педагогу аялы каза болуп калган өзбек улутундагы кошунасы өзүнүн 4 жашар кызын зордуктады деп шектенип жатканын билдирген.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине кайрылганыбызда, алар төмөндөгүлөрдү билдирди:
"2018-жылдын 12-июль күнү Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Ольга Шамрова РИИБдин жетекчилигине билдирүү менен кайрылган. Милициянын капитаны билдирүүдө Кочкор-Ата шаарынын 1976-жылы туулган З.Ш. аттуу жашоочусу оозеки түрдө кайрылганын жазган. Ал өз сөзүндө 12-июль күнү саат 16:00дөр чамасында кошунасы 1983-жылы туулган өзбек улутундагы Ы.П. аттуу жаран 2014-жылы туулган кызы Ы.кызы А.га ыплас иш-аракеттерди жасады деп шек санап жатканын айтканын билдирген", - дейт маалымат катчысы.
Аталган билдирүү боюнча Ы.П. анын апасын жана 4 жашар кызы РИИБге алынып келип алардан түшүнүк кат алынган жана териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Ы.П. түшүнүк катында кызына карата эч кандай ыплас иш-аракеттерин жасабаганын билдирген. Ушундай эле мазмундагы катты анын апасы М.А. дагы жазып берген.
"Социалдык кызматкердин жана педагогдун катышуусунда 4 жашар кыз менен маектешүү жүргөн. Анда кыз алардын суроосуна эч кандай жооп берген эмес. Дайындалган соттук медициналык экспертизанын алдын ала чыгарган жыйынтыктары боюнча кыздын денесинде эч кандай жаракат жок экени жана анын кыздык белгиси бар экени аныкталган. Экспертизанын толук, расмий жообу азырынча чыга элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат катчы.
Ошондой эле бул тууралуу маалыматты билдирген З.Ш.нын үстүнөн Ы.П.нын апасы жалган маалымат таратты деп милицияга арыз жазгандыгы тууралуу кошумчалады.