Токмоктогу 44 жаштагы аялдын эки уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөр аныктала элек

Чүй облусунда 6 айда 45 адам өлтүрүү фактысы катталса, 42 иштин бети ачылды. Ал эми бети ачылбай калган үч факты боюнча ыкчам изилдөө аракеттери улантылып жатканын Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов 17-июлда өткөрүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

"Токмокто эки бир туугандын, Аламүдүн районундагы таксисттин жана Сокулук районундагы 10 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча фактылардын бети ачыла элек. Бул иштер боюнча атайын топ түзүлүп, пландын негизинде ыкчам иштерди улантышууда", - деди Курманкулов.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, 22 жаштагы баласы 29-декабрда каза болуп калган.

Ал эми Диля К. өзү жана 16 жаштагы келини оор жаракатынан улам бир канча күн ооруканада дарыланып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан