Министр Султан Жумагулов композитор Муратбек Бегалиевдин айтканын четке какты

Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев менен маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун ортосундагы наам боюнча маселе кызуу талкууга алынууда. Композитор бул боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирген. Ага жооп кылып министр Султан Жумагулов "мен кыскача эле жооп берем" деп буларга токтолду.

"Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болгон эмес. Арабызды кара мышык деле аралаган эмес. Анан бул сөздөр кайдан чыкты түшүнбөй жатам. Биринчиден, Муратбек Бегалиевди коллегиянын мүчөсүнөн мени алып салды деген кеп караандай калп. Мен жаңыланган курамда композитордун жок экенин көрүп "ушундай белгилүү композиторубуз турса аны кошпой койгонубуз уят" деп коллегиянын башка мүчөсүн алып, ошонун ордуна коштургам. Негизи жыл сайын коллегиянын 2-3 мүчөсү алмашып турат. Ошондо Муратбек Бегалиевге "биринчи тизмеде сиз коллегия мүчөсүнө кирбей калган экенсиз, байкабай калыптырмын. Курамды жаңыртып сизди атайын коштурдум" деп кечирим сурап чалгам. Бул жаңы жылда болгон окуя. Экинчиден, 14-июлда композиторго наам берүү боюнча жабык добуш берүү өткөн. Кыргыз Эл баатыры наамы боюнча менин жеке пикирим бар. Мен өз оюмду ошол добуш берүү учурунда айткам. Искусство, маданият адамдары атак-даңкка кызыгат эмеспи. "Искусство адамдары бул наамды өтө сейрек алат экен, ошондуктан татыктуусуна берели" дедим. Коллегиянын мүчөлөрү дагы пикирин билдирип өз бааларын беришти. Жыйынтыгында Муратбек Бегалиев жетиштүү добуш ала албай калды. Анан "Султан Жумагулов коллегия мүчөлөрүн кыстады" дегени туура эмес. Эмне коллегияда отургандар көчөдөн келген кишилер бекен? Алардын дагы пикири болот. Мен дагы бир жолу айтам, Муратбек Бегалиев экөөбүздүн ортобузда конфликт болгон эмес. Ал киши эмне десе дей берсин", - дейт ал.

Министр менен композитордун ортосунда наамга байланышкан талаш жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Birimdik5555
2018-07-17 16:46:05
Чыйылдап ар кимдин ырын ырдагандар деле наам алып жатпайбы,аларга караганда Бегалиев татыктуу эле
+10
vikidiki
2018-07-17 16:49:00
Татыктуу деп эсептейм наам алганга. Бирок кимиси чын айтып атат ким билет?
+3
AIZAD
2018-07-17 17:09:36
Бегалиев оюнан чыгарбаса керек. Искусство адамы калп суйлобойт деп ишенем.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-07-17 17:36:24
Аттарын айтбасамда баарына белгилуу чыныгы ырчылардын ырларын эптеп септеп фонограмма кылып той жакшы экен дегендерге деле эмгек сиңирген деп наам берип эле койуштуго!Канчасы наам албай бул дуйно менен коштошту кээ бири азырда журот керек болсо бул наамдан баш тартышат!Наамды алганда ошого татыктуу болсо мейли.Татыксыздар эл эмес оздору учун эмгек сиңирген артисти болушушат!М.Бегалиев кр эмгек сиңирген артисти экен эл баатыры наамын берип койсо деле болмок экен!----
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-07-17 17:56:51
----Алты жыл коррупцияны жан жөөкөрлөру менен гулдөткөн кишиге да убагында өзу шайлап креслосун берип кеткен досу мени эл шайлаган деп досуна баатыр наамын берем дедиго! Мискенбаев да журотго баатырмын деп!
+3
Kattaldym
2018-07-17 19:19:51
Madaniyat ministribizdin aytkany bul bolso, dese dey bersin dep...
-1
Aikaaaa
2018-07-17 19:30:06
Марат Жантелиев, Мерген Турган, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева жана ушул сыяктуу белгилүү адамдарыбыз жаштары ортолоп калса деле сыйлыктары жок жүрүшөт. А биз бала кезде ушулардын ыры, чыгармалары менен чоңойдук
+3
surgeon777
2018-07-17 19:43:23
Оо элдер!Эл артисти,эмгек синирген артист деген наамдар менен путать этпегиле,Кыргыз Эл Баатыры башка.Ырчы-чоорчулар ала берсин артист деген наамды,бирок Эл Баатыры башка учурларда берилет,кандай учурларда экенин окуп билип алгыла.
Министр туура айткан,татыктуулар алсын,белгилуу эле адамдарга бере берсе баркы кетип калат,белгилуумун дегендер иттин капталынан толуп жатпайбы.
+6
Miroslav
2018-07-17 20:30:52
Эл Баатырына татыксыз!!! Татыктуулар алыш керек,козу отуп кеткен болсода.менин жеке пикирим.
+2
Aitunuk
2018-07-18 17:12:15
"Кыргыз Эл Баатыры" наамы өзгөчө учурларда гана берилиши керек, жыл сайын ар кимге чачыла чачкандай кылып, чучук улак карматып бере салуунун кереги жок. Ошондо наамдын да баркы болот. Бегалиев "Баатыр" наамын алыш үчүн кандай эмгек кылыптыр, көзгө басар кандай чыгармасы бар?.. Мисалы, К.Молдобасанов, Н.Давлесов десе музыкалык билими жок адам да билет. Азыркылардын амбициясы асман айды чапчыйт, уят эле. Консерваторияга К.Молдобасановдун аты берилерде да чуу болгон эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан