Тарых музейин жаңылоо боюнча кылмыш иши УКМКга жиберилди

Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши УКМКга жиберилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азырынча кылмыш иши кимдерге козголгону тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин күнөөлүү адамдарга айып тагылып, иш сотко жиберилет. Тергөө УКМК тарабынан жүргүзүлөт. Тийиштүү материалдардын баары тиркелип төргөөгө жиберилген”, - дешти башкы көзөмөл органдан.

Эске салсак, Башкы прокуратура 13-июлда Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу мыйзам бузууларга карата бюджеттик акча каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы менен Кылмыш-жаза кодексинин 5 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bekmirzach
2018-07-17 16:15:34
Тарых музейин оңдоодо бери дегенде 13 миллион доллар уурдалган деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев көчмө жыйын учурунда билдирди. Анын айтмында, депутаттар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы жана Башкы прокуратурага тапшырма берип, алар бир айдын ичинде жыйынтык чыгармай болушту. "Өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул жерде коррупция бар экенинен шек жок. Түркиялык компания ичин 14 миллион долларга баалап, бекер бүтүрөбүз деген.
+1
bekmirzach
2018-07-17 16:17:16
(уландысы)
Сыртын бүтүргөндөн кийин ичин жасатпай туруп биздин аткаминерлер келишимди жокко чыгарышат. Анан өзүбүздүн акчага курабыз деп 23 миллион доллар жумшашкан. Эми караңыздар, болжолдуу сумма менен алганда эле 13 миллион доллар уурдалганы көрүнүп турбайбы?
+1
Bazake
2018-07-17 17:52:16
Ченебей жеген экен бул соргоктор. Атамбаев добро бербегенде Сапар жей алмак эмес
+1
Jelezo
2018-07-17 17:02:09
Соодалашуу катуу жүрүп жатыптырда ким көп берсе күбө аз бергени кылмышкер
+1
Azat.97
2018-07-17 18:13:03
Урматту тойбостор ХХХХХХХ жеген акчаларынар.Силерге мамлекет эмес акча керек.Акча десе апанарды кошуп сатасынар.Нерв короткум деле келбей калды бул акмактарга
+1
titanik32
2018-07-17 18:58:01
Акмактар ХХХХХХХХХ экен.Бул коррупциялык иште Сапар Исаков болуш керек эң башында.
0
Jelezo
2018-07-17 19:51:48
59 теректин учун кабыгын аарчып туруп 26 миң сом десе жарашмак уят эле беттери калбаптыр сөз жок сөгөйүн десем
+1
Chungyz
2018-07-17 23:12:22
Укмк оздору издеп изилдей албайбы жегичтерди бироо сунуш берсе текшеришеби уят силерге
0
omka100514
2018-07-18 12:55:51
Тоова, кантип уялбай ушунчага алдык деп айтышат, как-будто жонокой эл козу кор кулагы дулойсунуп билбей калат, ишене берет дешет. Биз деле базарды коруп баарын болбосо да анча-мынчасынын баасын билебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан