Жалал-Абад ОИИБи: "Ноокендеги 4 жашар кыз зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер болбогону аныкталды"

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында атасы тарабынан зордукталган делип жаткан 4 жашар кыз зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер болбогону аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча 2014-жылы туулган Ы.кызы.А. зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер көрүлбөгөнү аныкталды. Соттук-медициналык экспертиза 4 жаштагы кыздын денесинде эч кандай жаракат жок экендигин жана кыздык белгиси бузулбагандыгын, ошондой эле көтөн чучугунда да жаракат жок экенин аныктаган. Азыркы тапта бул маалыматты билдирген З.Ш.нын үстүнөн жалган маалымат таратты деп түшкөн арыздын негизинде териштирүү иштери башталды", - дейт маалымат кызматы.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Анда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №28-мектептин социалдык педагогу аялы каза болуп калган өзбек улутундагы кошунасы өзүнүн 4 жашар кызын зордуктады деп шектенип жатканын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2018-07-17 18:01:32
Модага айланып кетти,аны зордуктады муну зордуктап кетти деп.Жаман коргон адамын оной каматуунун да бир жолу болуп калгандай сезилет.Жакшылап текшерип,суруштуруп куноосу жок болуп чыкса,жалган маалымат бергендерди да куноого тартып,чара колдонбосо болбой калды.Кичине уруш чыга кетсе,кызыма ыплас иш жасады деп,балдарын ортого тыгып арыздана бергендерди.
+1
surgeon777
2018-07-18 10:57:07
Кыздын белгиси,денеси соо деп жатышат,менин оюм:
1-вариант:денеси соо эмес,бирок тиги уй-було милицияга акча беришип оозун жабышкан,соо деп справка жаздыртып алышкан.
2-вариант:денеси соо,атасы ыплас иштерди белгисине жана котон чучугуна тийбестен башка жолдор менен жасап максатына жетип жургон.Ошон учун далил жок.
3-вариант:арыз берген мугалим эже менен кошунасынын мамилеси абдан начар,башка кошуналардын ушагын колдонуп подстава кылып жатат.
Акыркы вариантка коп ишенбейм
0
surgeon777
2018-07-18 11:02:35
Кызга психолог керек,бирок Ош шаарынан эмес,анткени тааныш-билиш болуп кетет,Бишкектен алып барышса же профессиаоналдуу психологдор ыктыярчы болуп озулору барса жакшы болмок,ошондо баардыгы билинмек,байкуш тиги эже деле жон жерден чырылдабагандыр,тем более мугалим балага тартат,улутка болунгум келбейт бирок тигилердин улутун билесинер,долуланып куноону мугалимге коюп акча менен иш козготуп жибереби деп корком.
+2
Rysik17
2018-07-18 11:44:57
Кудай сактасын, тооба кылдым! Оз ата оз канынан жаралган наристесин кантип! Кантип ыплас жолго барды! Бейкуноо бечара наристе! Бироого зар бироого кор бала! Бечарам келечеги кандай болот Эми! Эл алдында бычыш керек зоокур акмакты! Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, туугандар! Коомубуз бузулуп баратат! Акча алган паракорлор ойлонгула, озунордо дагы Кыз, Эне, эже, карындаш бар!
+1
aman0296
2018-07-18 13:09:24
Rysik17, Эч кандай зордуктоо белгиси болгон жок деп турат
-3
surgeon777
2018-07-18 15:47:51
aman0296,башынды бир аз иштетип кор да тиги варианттарды элестетип кор,толук болушу мумкун...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан