Бишкек-Ош жолундагы Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

10-июлда Бишкек-Ош жолундагы Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, издөө ишине жалпы 45 куткаруучу тартылган.

"10-июль күнү саат 14:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымындагы Кара-Балта суусуна Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. аттуу жаран сууга агып кеткен. 17-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн министрликтен жалпы 45 куткаруучу тартылган. Саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан