SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө ырчы Мээрим Карыпованын ушул жылдын 22-23-март күндөрү койгон "Сезимдеги ойлор" аталышындагы жеке концерти жүктөлдү.
Бул ырчынын борбор калаага койгон 2-жеке концерти.
"Концерт 2 жарым саатка созулду. Анын жүрүшүндө айтыштар, элдин жүрөгүнөн орун эски чыгармалар, тамашалуу ырлар, фольклор жана эстрада жанрындагы ырлар орун алды. Ал эми концерттин коноктору: "Эл ырчысы Эстебес" тобу, устатым Кыргыз Эл артисти Роза Аманова, Гүлзат Байзакова, Элзар Өскөнбаева, Гүлназ Чыныбек кызы, Курал Чокоев, Ишен Назаров болду. Ошондой эле таланттуу жаштардан турган өзүмдүн "Мөлтүр" тобум сахнага биринчи жолу чыгышты. Концерт эки күн коюлганына карабай аншлаг менен өттү. Менин эсимде ар бир ырды берилип уккан угармандар, алардын кол чабуусу калды", - дейт ырчы.
2 жарым саатка созулган концертти ди-джей Кубаныч Султанов алып барган.
Мээрим Карыпованын "Сезимдеги ойлор" аттуу концертин көрүү үчүн шилтеме.