Бүгүн, 17-июлда Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 21 жаштагы Р.К. аттуу жаран көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси бүгүн саат 17:45те табылды. Куткаруучулар жарандын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.