Бүгүн, 18-июлда футбол боюнча Өлкө кубогунун алкагында жарым финалынын жооптук беттештери орун алат. Анда "Кара-Балта"-"Алай" жана "Абдыш-Ата-2"-"Дордой" командаларынын беттештери өтөт.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош)
Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү команда Оштун "Алай" футболдук клубун кабыл алат. Жарым финалдын алгачкы беттешинде командалар Ош шаарында кездешкен, анда "Алай" атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизсе, "Кара-Балта" 1 гол менен жооп кайтара алган.
Стадион: "Манас", Кара-Балта шаары;
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек);
Беттеш саат 18:00дө старт алат.
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Алай"-"Кара-Балта" - 2:1.
"Абдыш-Ата-2" (Кант) - "Дордой" (Бишкек)
2-жарым финалдык беттеште Кант шаарынын "МИС" стадионунда жергиликтүү "Абдыш-Ата-2" командасы "Дордой" командасын кабыл алат. Биринчи беттештин жүрүшүндө канттык команда 0:1 эсеби менен алдыда келе жатып, 2 гол өткөрүп жиберген. Жыйынтыгында 2:1 эсеби менен "Дордой" командасы жеңишке жеткен.
Стадион: "МИС", Кант шаары;
Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)
Беттеш саат 18:00дө старт алат.
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Дордой"-"Абдыш-Ата-2" - 2:1.