Бүгүн, 18-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү өтүп жатат. Анда балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.
82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Азат Салидинов жарым финалдык беттеште өзбекстандык атаандашын 6:1 эсеби менен утуп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Салидинов буга чейин Түштүк Кореянын спортчусу Ким Инсеобду 10:0 эсеби менен утуп алган.
Эми финалда Азат Салидинов ирандык Хусейн Жаханбакш менен казакстандык Станислав Расулскийдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен күрөшөт.