Түндүк-Түштүк кошумча жолун салып жаткан компаниянын күйүүчү майларын тоногон айылдык кеңештин депутаты кармалды

Тогуз-Торо районунда Түндүк-Түштүк кошумча жолун салып жаткан кытайлык "Чайна Роуд" компаниясынын күйүүчү майларын тоногон адамдар кармалды. Кармалгандардын бири Сары-Булуң айыл аймагында 1981-жылы туулган А.О. аттуу айылдык кеңештин депутаты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан 18-июлда кабарлашты.

Маалым болгондой, 12-июлга караган түнү саат 1:30 чамаларында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын тушунда Түндүк-Түштүк кошумча жолун куруп жаткан кытайлык "Чайна Роуд" компаниясынын 48 жаштагы кызматкери өзү жалгыз иштеп жатканда ал жерге Казарман айылы тараптан Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен 30-35 жаштагы бир нече адам келишкен. Алар кытайлык жаранга күч колдонуп, андан кийин күйүүчү майлар турган жайдан күйүүчү май куюлуп турган 3 челекти жана 20 литрлик 25 даана канистрди унаасына салып кетип калышкан.

Жыйынтыгында кытайлык жаран алган жаракатынан улам ооруканага кайрылса, компания тонолуудан улам 48 миң 800 сомдук зыянга учураган.

Тогуз-Торо РИИБи окуянын негизинде тоноочулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, 14-июлда РИИБ жана Жалал-Абад ОИИБи тарабынан шектүү катары 4 адам кармалып камакка алынган. 15-июлда райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарууну чечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ruslanz
2018-07-18 13:34:59
ЖКнын депутаттары аз келгенсип,эми айылдык кенештин депут-ры дагы тоносо анан кантип олко онолсун.Депутат аттуларды эмне кылыш керек.
+2
zevs
2018-07-18 14:21:55
ХХХХХХХХХ joldun jarym solyarkasyn uurdap tonop koydu uje. karagan adam jok milisiya bolso uurular menen bir karmap bersen da ertesi dalil jok dep chygaryp jiberiwet.
-1
Tolkun555
2018-07-18 14:22:52
Депутат
0
cholpon119966
2018-07-18 14:31:59
Депутаттын кичинеси ачык ууру, чону маданияттуу ууру. Ошол Казармандын жаны Жолунда баратсааан эле бир маалда кенен жолун кууш тартып кеткен болот. Мамлекетти карызга батырып жол куруп, фокус корсотуп жатышат...
0
Jelezo
2018-07-18 20:08:27
Ошондуктан айылдык кенешке депутат кылып билимдуу маданиятуу адамдарды шайлаш керек,эптеп эле биздин уруунун баласы же биздин айылдын кулуну деген принципти кармабай.
0
Ayjan.Akyl
2018-07-19 01:00:55
Jelezo,Эн туура биздин айылга дагы менин классташым депутат болду.))))))Ой он бирди аран буткон))))))).Бирок агалары донболчу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан