Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Бексултан Назарбаев алтын байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 18-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү өтүп жатат. Анда балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Бексултан Назарбаев жарым финалдык беттеште тажикстандык Бахтовар Хасановду 5:0 эсебинде утуп финалга өтө алды. Назарбаев буга чейин Түштүк Кореянын спортчусу Жуэн Жонгду 7:3 эсеби менен утуп алган. Эми ал финалда ирандык балбан Амир Яван беттешмекчи.

Айта кетсек, буга чейин Калмурат Ибрагимов жана Азат Салидинов атаандаштарын утуп финалга өтө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан