"Жебе" тобунун ырчысы Минур сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун жасады

Келбеттүү 4 жигиттен турган "Жебе" тобунун ырчысы Минур сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен биринчи жолу сахнага чыкканда мынчалык толкунданган эмесмин. Сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер болуп жатат. Сүйлөшкөн кызым Жазгүл - Кара-Кулжанын периси. Кесиби боюнча котормочу. Андан тышкары сулуулук салонунда иштейт. Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз. Бара-бара мамилебиз сүйүүгө айланды. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө билинбей эле 3 жыл болуп калыптыр. Бүгүн, 18-июлда колун сурадым. Мен бул күнгө бир ай мурун даярдангам. Баары ойдогудай болду. Буюрса, тоюбуз сентябрь айында болот", - дейт ырчы.

Минур Алтынбек уулу 1990-жылы 4-октябрда Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтун аяктаган. Жеке ырчы катары "Аттиң", "Биз экөөбүз", "Насаат ыры" деген чыгармаларын жаздырган.

Минур сүйүктүүсү Жазгүлгө шакек тагып, колун сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nevestkaa
2018-07-18 21:32:31
Дагы бир красавчиги бар го бою узун ошол окшойт депмин.
+1
Modric10
2018-07-19 12:00:24
Nevestkaa,ал Кумар
0
surgeon777
2018-07-18 22:43:44
Ырчылар жалан салондо иштеген кыздарга конул бурабы же салондо иштеген кыздар озгочо болобу?Бул претензия эмес просто суроо)))айтып койгулачы кыздар?)
Неге врач,мугалим ж.б кыздар эмес дейм да...
+4
raykray
2018-07-19 00:00:55
surgeon777,акча коп,врач мугалимге Караганда бизнеси бар болотда
+2
batma200294
2018-07-19 02:17:35
Анан салондогулар озун жасап эле отурушат да.
+3
Aima94
2018-07-19 02:36:28
batma200294,салондо 6 жыл иштейм. Убакыт табылбайт чын. Салондо кыргызстанда канча табышат билбейм. Бирок жакшы кесип. Өтө оор. Окууга тапшырып окуюн десем эмне кыласын дешет. Буйурган нерсени көрөбүз)))
+1
sara90
2018-07-19 03:00:22
Молодец крассавчик жердештерим экенсинер экоон тен!! Бактылуу болгула туболуко!!! Кайсы мектептен бутушту экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан