Бүгүн, 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, айдоочу катуу ылдамдыкта баратып унааны башкара албай, жол четиндеги электр-мамычасын сүзүп алган.
“Учурда кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Такталган соң уруксат кагаздары даярдалып сөөктү туулуп өскөн айылына жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлөт. Мен азыр кырсык болгон аймактагы ички иштер бөлүмүнө баратам, кырсык боюнча иш козголуптур", - деди Кошматов.
Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы кырсык тууралуу маалымат келип түшкөнүн тастыктап, окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери тиешелүү документтерди даярдоо үчүн чыгып кеткенин кабарлады.