Бүгүн, 18-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Исаев бүгүн саат 15:00дө Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. "Ал "биринчи кезекте апам менен учурашам" деп Токмок шаарына бет алды", - дейт Шыкмаматов.
Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.
Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.