Москва шаарында жол кырсыгына кабылган Кыргыз өлкөсүндө туулган 3 жарандын биринин сөөгү туугандарына берилди. Ал эми эки жарандын туугандары табылбай жатат. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына билдирди.
"Элчиликтин кызматкери жол кырсыгы болгон аймакка барып, кырдаалды териштирүүгө алган. Кырсыктан 1992-жылы туулган Б.уулу.М., 1989-жылы туулган К.З. жана 1997-жылы туулган Т.уулу.А. каза болгон. Булардын экөө Орусиянын жараны болгон. Каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө документтердин бардыгы даярдалды", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, бүгүн, 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болгондугу кабарланган.