Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмундагы жеңил салмак категорияда чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.
Валентина Шевченко 2018-жылдын башында 56 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, алгачкы беттешинде Присцилла Качоейраны утуп алган. Андан соң Шевченко дароо эле жеңил салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.
Эми UFC уюму Валентина Шевченкого жеңиш салмак ченинин чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Анда Шевченко 8-сентябрь күнү АКШнын Даллас шаарында "UFC 228" мелдешинин алкагында Никко Монтано менен беттешмекчи.
Эске салсак, буга чейин Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип жүрүп, 5 беттештин ичинен 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал 2 жолу тең чемпиондук кур үчүн орун алган беттеште Аманда Нуньеске утулган.