Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жайлоого чагылган түшүп, 44 баш кой жана 12 эчки өлдү

Ысык-Көл облусунда Суран жайлоосуна чагылган тушүп, 44 баш кой, 12 эчки өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү саат 22:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл аймагындагы Суран жайлоосунда К.Солтоев аттуу жарандын короосуна чагылган түшүп, короосунда камалган 44 баш кой, 12 баш эчкиси өлгөн. ӨКМнын райондук бөлүм башчысы жана Түп районунун акиминин орун басары, Кутургу айылынын ветеринардык кызматынан 1 адам, райондук жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан 2 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам окуя болгон жерге барып, тийиштүү иш-аракеттерди кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Modric10
2018-07-19 11:57:04
жаман болуптур. мейли мал табылат. оздору аман болушсун
+5
Kuyoo_bala
2018-07-19 13:14:19
Байкуш койлор((( Неге депутаттарга чагылган тушпойт ааа?!!!
+5
Pamirlan
2018-07-19 22:57:12
ошо да зорго тиргилик кылып жаткан карапайым калкка эле кыйын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан