ӨКМ: "Сузакта 5 жашар кыз гана жоголгон"

ӨКМ буга чейин Жалал-Абад облусунда 31 жаштагы аял 5 жашар кызы менен эс алууга кетип дайынсыз болууда деген маалымат тараткан. Кийин ал маалымат туура эмес тараганын ӨКМнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү 12:00 чамасында Сузак районундагы Кара-Алма айылында атасы эс алып жүрүп, 5 жашар кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган. Учурда кызды издөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин ӨКМнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта төмөндөгүдөй берилген.

Кечээ, 18-июль күнү саат 12:00 чамасында Сузак районунун Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында 1987-жылы туулган Ж. кызы А. жана анын 2013-жылы туулган кызы Х.А.ны туугандары эс алып жүргөн жеринен таппай калышкан. Өз алдынча издөөдө натыйжа болбогондуктан кечинде ӨКМнын атайын кызматына кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында ӨКМнын №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, учурда туугандары кошулуп, издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Batma08
2018-07-19 12:40:18
Кайерде эс алат
0
Chagylgan1
2018-07-19 12:44:07
Batma08, пансионатта же дарыя жээгинде, жаратылыш койнунда...
0
Merelisha
2018-07-19 12:42:04
Неге жоголгон балдар кобоюп кетти? Ата-энелери жоопкерчиликтуу болушса... Аман-эсен табылып калсын Эми.
+2
Jasa
2018-07-19 13:27:58
Охх журогум 5жашар бала эмнени билет,шаракташып отурушту да...
+1
rejepova
2018-07-19 13:53:38
Былтыры да ушундай корунуш катталган эле,аман эсен табылып калсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан