Футбол боюнча Өлкө кубогунун финалында кайрадан "Алай" менен "Дордой" футболдук клубдары беттешет

Кечээ, 18-июлда Өлкө кубогунун жарым финалдык беттештери орун алып, финалга аттанган командалар аныкталды.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош)

Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү команда Оштун "Алай" футболдук клубун кабыл алды.
Беттеш "Алай" командасынын топко көбүрөөк ээлик кылуусу менен өтүп, жыйынтыгында оштук "Алай" киргизген 4 жоопсуз гол менен жеңүүчү болду.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош) - 0:4
Стадион: "Манас", Кара-Балта шаары;
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек);
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Алай"-"Кара-Балта" - 2:1.

"Абдыш-Ата-2" (Кант) - "Дордой" (Бишкек)

Кант шаарында орун алган "Абдыш-Ата-2" менен "Дордой" командаларынын жооптук беттеши 0:0 эсеби менен аяктады. Бул командалардын алгачкы беттеши "Дордойдун" жеңиши менен аяктаганы үчүн кийинки этапка "Дордой" командасы өттү.

Абдыш-Ата-2" (Кант) - "Дордой" (Бишкек) - 0:0
Стадион: "МИС", Кант шаары;
Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Дордой"-"Абдыш-Ата-2" - 2:1.

Муну менен Өлкө кубогунун финалында кайрадан "Алай" менен "Дордой" командалары өттү. Алар 29-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Айта кетсек, акыркы 2 жылда Өлкө кубогунун финалына "Алай" менен "Дордой" кез келип, "Дордой" 2 жолкусунда тең жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
expert.007
2018-07-19 15:19:55
Алай командасына ийгилик
+1
Artyr1994
2018-07-19 15:27:34
Эль-Классико корот турбайбызбы? Кучтуусу утсун
+2
Akmatov030
2018-07-19 15:59:41
Алай алга
-1
Krasnyi.kg
2018-07-19 16:02:51
Мага баарыбир кимиси утса да
+2
rysik79
2018-07-19 16:35:45
Дордойдун эки ХХХХХХХ бар ишенген ошо ХХХХХХХХ сактасаа Алай алат болбосо кайрале ХХХХХХХХ алат.
0
admin_superstan
2018-07-19 17:17:14
rysik79, башкалардын улутун кемсинтпей билдирүү жазыңыз!
0
Azat.97
2018-07-19 17:28:40
Дордой алга!
0
monster_high_98
2018-07-20 16:03:52
Алай алат буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан