Сузакта дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Сузакта дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылындагы "Жолдош-Ата" эс алуучу жайында 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна түшүп кеткен.

2018-жылдын 18-июль күнү жүргүзүлгөн издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес. 19-июль саат 06:00дө издөө иштери уланган. Издөө иштерине 10 куткаруучу, Сузак райондук ИИБинин 5 кызматкери, туугандары, жалпы 23 адам издөө иштерине тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 19-июль күнү саат 11:30дар чамасында 5 жашар кыздын жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден Кара-Алма суусун бойлой 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Merelisha
2018-07-19 15:37:17
Ииий ий боорунду ачытат да..;(( жоопкерчиликтуу бололучу!!!
+15
aikokul14
2018-07-19 15:48:51
Кудай ай,эртеден бери ушул кыз эсен-аман табылып калса экен деп отурдум эле,жаман иш болгон турбайбы.Бейишин берсин,туугандарына сабыр.
+18
nazi25
2018-07-19 16:05:03
Иий байкуш кыз.Периште болуп учуп кетиптир да.
+13
Stervashka
2018-07-19 16:46:36
Озумдун да кызым бар ушундай окуяларды окусам же уксам коркуп кетем. Оюма дароо эле кызым келе калат. Коз алдында журбосо кыжалат боло берет экенсин.
+8
ailin_2017
2018-07-19 18:04:28
Аллахым бейишинен берсин.Урматтуу ата-энелер эс алууга балдарынарды алып баргандан кийин жакшы карагылачы
жаш балдардан баары сууну жакшы корушотда тушуп кетишин деле билишбейт
+7
Babi.
2018-07-19 18:38:29
Ииий денем чымырап кеттиго((( кайра кайра кирип окуп жаткам,табылдыбы деп,балапан ата-энен сени карабай кайда журду экен а(
+5
Adikoo2011.
2018-07-19 22:05:39
Кыздын жаткан жерин жайлуу болсун сурак сабаты женил болсун бейиштин торунон орун берсин Аллахым мен да быйыл келип кетким келбей калды балдарымы таштап кудайдын кутту куну олум кырсык. Кудайым бардык уй-булоого ынтымак тынчтык берсин
+2
Pamirlan
2018-07-19 23:00:16
жакындарына сабыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан