Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды

Бүгүн, 19-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы мелдештери старт алган. Анда балбандар 50, 55, 59, 68 жана 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетти. Анда Жуманазарова индиялык Дивия Какранды утуп, алтын байгенин ээси болду.

Кошумчалай кетсек, мелдештин жүрүшүндө Жуманазарова тайбэйлик, кореялык жана казакстандык балбандарды утуп алганга үлгүрдү.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Дивия Какран Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда бири-бирине туш келген. Анда дагы Мээрим Жуманазарова жеңишке жетип медалды илип кеткен.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aigerim.baxa
2018-07-19 21:04:28
Азаматсын Айсулуудай болуп коптогон ийгиликтерди багынта бергин
+2
Azatbek.Svoboda.
2018-07-19 21:24:34
Молодца Ден-соолугуң чың омурун узуун болсун дагыда алдыда албан албан ийгиликтерге жетише бер Кыргыздын Гимнин жаңыртып Желегин дуйнөгө желбиретип журө бер.Сендей балбандардын баарына ийгилик каалаймын!Сымык Бейшекеев буйруса сага да арнап бир жакшы ыр жазып ырдап чыксын!
+2
nurbek11
2018-07-20 14:54:49
Азаматсын карындашым ошол Индиялык балбанды оз жеринде да утуп жакшы кылдын. Мурункусунда Кыргызстанда оз жеринде утуп алды деп шылтоо кылды эле бул жолкусунда эч теке дей албай кыргыз кызына утулганын мойнуна алды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан