Айпери Медет кызы жаштар арасындагы Азия чемпиону аталды

Бүгүн, 19-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы мелдештер старт алды. Анда балбандар 50, 55, 59, 68 жана 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

76 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Айпери Медет кызы катышып индиялык, казакстандык жана монголиялык балбандарды утуп финалга чейин өттү. Финалдык беттеште Медет кызы кытайлык балбанга туш келип, аны кыйынчылыксыз 11:0 эсеби менен жеңип алды. Муну менен Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунун алтын медалын тагынганга татыды.

Айта кетсек, буга чейин алтын медалды Мээрим Жуманазарова тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erlan2196
2018-07-19 23:10:54
Супер.
+5
grace
2018-07-20 00:00:10
Азамат! Куттуктайбыз! Баатыр кыздарыбыз алга!
+5
barsbegKG
2018-07-20 11:14:37
Дүйнөлүк олимпиадада дагы ушул жеңишти кайталап элибизди кубантышыңарга тилкетешмин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан