Бразилия курама командасынын оюнчусу тарыхтагы эң кымбат дарбазачы аталды

Бразилия курама командасынын оюнчусу тарыхтагы эң кымбат дарбазачы аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бразилия улуттук курама командасынын дарбазачысы Алиссон англиялык "Ливерпуль" футболдук клубуна өттү. Азыркы тапта трансфердин баасы жарыялана элек, бирок Liverpool Echo`нун кабарчысы Жеймс Пирстин маалыматына караганда, анын баасы 75 миллион еврону түзгөн.
Аталган сумма аны тарыхтагы эң кымбат дарбазачы деп атоого негиз берет. Буга чейин рекордду италиялык Жанлуиджи Буффон койгон. Анын 2001-жылы "Пармадан" "Ювентуска" өтүшү 54 миллион еврого бааланган.
25 жаштагы Алиссон англиялык чемпиондукка италиялык "Рома" клубунан 2016-жылы келген. "Романын" курамында ал 37 беттеш өткөргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2018-07-20 11:38:59
Бунча акчаны эмне кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан