Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге бычак сайган жарандык никедеги аялы үй камагына чыгарылды

Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге бычак сайган жарандык никедеги аялы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Нурлан Сарчаевдин аялы кечээ, 19-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ага карата алгач козголгон 234-беренеси (бейбаштык) 104-беренеге (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) алмаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 17-июлда Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, ага операция жасалган. Нурлан Сарчаев Жайыл РИИБинде каза болгон Бурулайдын окуясынан кийин кызматтан алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurik838383
2018-07-21 09:44:05
Демек ошого жеткирген аялын
0
Berlin_86
2018-07-22 12:41:03
Ойнош оттон ыссык бир нерседен сассык дегендей катуу ысып кеткен экен ээ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан