Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 20-июлда саат 10:53 чамасында 2012-жылы туулган П.М. аттуу баланын жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылды. Баланын жансыз денесин аймактагы тургундар көрүп, жээкке алып чыгышкан. Сөөк табылган жерден атасы уулун тааныды", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган П.М. аттуу тургуну 13-июль күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ошол учурдан баштап издөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2018-07-20 12:18:59
Байкушум периште болуп кетиптир да!
+2
gul-jana2
2018-07-20 12:33:56
Иий-ий, бечара. Кургактан эле бир нерсе болуп табылып калса деп умуттонуп жаттым эле((((
+5
Aiza9797
2018-07-20 16:16:12
Супер инфо Бекзат табылдыбы? Кабарынар жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан