ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: Бул күнү "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси америкалык белгилүү актёр Робин Уильямс төрөлгөн

Мындан 67 жыл мурун, 1951-жылы америкалык актёр Робин Уильямс Чикаго шаарында туулган.

Ал Жуллиард драмалык мектебин аяктаган.

Көпчүлүк аны комедиялык актёр катарында "Ойгонуу", "Адамс багыты", "Август Раш", "Өлгөн акындардын коому", "Саламатсыңбы, Вьетнам!" аттуу тасмалардагы ролдору аркылуу тааныган.

Бардыгы болуп 300гө жакын тасмага тартылган.

Американын Киноискусство академиясы 1998-жылы эң мыкты эркектин ролу үчүн ага "Оскар" сыйлыгын тапшырган ("Акылдуу Уилл Хантинг", 1997-жыл).

Ал эми "Алтын глобус" сыйлыгына 5 жолу татыктуу болгон.

Голливуддагылар жана актёрдун көпчүлүк күйөрмандары аны "комедиянын падышасы" деп атап келишкен.

Робин Уильямс 2014-жылы 11-августта 63 жаш курагында көз жумган. Актёрдун жансыз денеси Калифорния штатындагы өз үйүнөн табылган.

Ал каза болгондон кийин АКШнын президенти Барак Обама социалдык тармактагы баракчаларынын бирине актёр тууралуу: "Робин Уильямс учкуч, дарыгер, сыйкырчы жана бала багуучу болчу... жана ушулардын ортосундагы адам эле. Бирок ал жалгыз эле" - деген билдирүү калтырган.

21-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан