Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 44 өлкөнүн спортчулары катышат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 44 өлкөнүн табыштамасы келди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчмөндөр оюндарына катышууга Австралия, Армения, Бангладеш, Казакстан, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Орусия, Монголия, АКШ, Польша, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн миңден ашуун спортчусу катышууга даяр экенин билдирген. Учурда катышуучуларды каттоо иштери уланууда, алар 31-июлда жыйынтыкталат.

Айта кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спортчулар 37 спорттун түрү менен ат салышып, анын бардык түрүндө мырзалар катышса, 16 түрүндө айымдар күч сынаша алат. Мелдешке ата мекендик жана чет өлкөлүк спортчулардын катышууга укугу бар. Катышуучулардын жаш курагы 18ден өйдө болушу керек. Спорттук делегат 223 кишиден ашпоого тийиш. Ошондой эле 2-сентябрь - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында спорттук делегат бирдей улуттук форма кийип чыгуусу шарт. Уюштуруу комитетинин макулдугу менен катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн улуттук спорт түрлөрүн жана элдик оюндарын көрсөтсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kechirmeni
2018-07-21 12:38:20
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын откоргонубуз жакшы бирок элдин эсебинен эмес да, биздин ишканага кечээ окмоттон кагаз келиптир ушунча суммада акчалай жардам бересинер деп, дараметке жараша откозуш керек да
+6
Mamiev
2018-07-21 12:46:01
Жогору жакта анвар артыков менен Кулов өз ойлорун айтыптыр.Алардан интервью алган супер да кызык экен.Ал инсандар качан эле Кыргыз үчүн иштеп эл үчүн кызмат кылчуу эле.Алар деген өз кызыкчылыгы үчүн иштейт жана атамбайып тын адамы экени беш колдой билинип турбайбы.Атамбайыпты эл шайлаган дейт эки президентти тең эл шайлаган эмес жана Кыргызстанда адилеттүү шайлоо болбойт.Ким кепилдик берет ушуга окшогондор и карамушкинадай адамдар Кыргыз эл үчүн иштейт деп.Эртен эле Кыргызстанды таштап качат
+6
kechirmeni
2018-07-21 12:55:16
анвар артыков, фарид- кошоматчылыктын да чеги болот, силер элден атамбайынарды жогору коесунар
+3
sinej
2018-07-21 13:04:41
kechirmeni,
Жээнбековдун коррупцияга баткан кошоматчылары ээми олкону тоноп башташат. Кезек Жээнбековдун кадралына келди.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-07-21 13:15:44
Көчмөндөр ойунун өткөрүү жакшы бирок ошого жетиштуу акча болсо!Анан көчмөндөр ойунуна мынча акча керек деп ойун өткөрөбүз деп эле акчаны сол чөнтөккө салбаш керек!
+4
Modric10
2018-07-21 15:35:05
Соке сизге салам кат!быйыл ушул оюнду эн акыркысы деп акырында эскертип коюнузчу.
а то мынча расход боло берсек казына пустой калбасын
+5
Dembele84
2018-07-21 17:11:31
Озу ар эки жылда ар бир катышкан олкодо отуп турса жакшы болмок,айланып эле биздикилер акчасы жок туруп ооба откоробуз деп кокурок кага бербестен.
+4
mentol
2018-07-21 19:32:10
Тажатты уже э ушу кочмондор оюнун откорушу
+4
Rifle_I
2018-07-22 18:25:01
Башында Көчмөндөр оюунун күткөн элем
Мен үчүн мактанаарлык оюн болгон экен. Эми болсо канча чыгым кеткенин билип жиним келет. жеп тоюшпайт экен жепжутарлар. Албек Ибраимов канчалаган гектар жерлерди алып коюптур. Ошого да тойбоптур . Эхх, ушуларды камап жоготсо экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан