Кыргыз жарандары Өзбекстандын аймагында тургундар тарабынан ур-тепкиге алынган

Баткен облусунун Кадамжай районунун эки тургуну Өзбекстандын аймагында тургундар тарабынан ур-тепкиге алынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июль күнү саат 20:00 чамасында болгон.

"Окуя Өзбекстанда болгондуктан биз маалыматтарды кечээ гана алдык. Анда 48 жаштагы жаран 18 жаштагы баласы менен Машалаң жайлоосунан келе жатышып, Өзбекстандын Шахимардан айылы менен өтүшмөк болушкан. Ошол убакта аларды тааныш эмес 5-6 Өзбек жараны уруп, денесине жаракат келтиришкен. Мындан улам жабыркаган ата-бала Кадамжай ооруканасына келип кайрылышкан. Азыркы учурда Кадамжай РИИБинин кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Текшерүүнүн соңунда кылмыш иши козголору же козголбой турганы белгилүү болот", - деди Дамира Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Sezimim...
2018-07-21 15:57:21
Дарактын жумшагын курт, кишинин жумшагын киши жейт.Озубузго кичине тыныраак болбосок ар кимге кор болуп журо беребиз.Бирок го [moderated] туугандарга тен келиш кыйын, бетине кулуп туруп, артындан сызга отургузуп кетет.Ар элдин озуно жараша мамиле кылыш керек
+5
Leilek91
2018-07-21 16:37:53
Патриотмун деп баш которсон менттер сени камап коёт сен ушунчалык эле улутчулсунбу (натцызбы) деп мындай окуя болгон
+5
Medina87
2018-07-21 16:40:59
Биздеги Оштогу окуядан кийин бул калктын караозгойлукторуно тан бергем!!
Алматыда мен иштеген жерде да эри менен аялы иштешти. Экоо тен абдан аферисттер го акыры Админ аларды иштен айдап жиберди.
Мен алар менен ит-мышык элем)))))
+3
Cleo-13
2018-07-21 16:46:11
Бишкектеги лолулор кенен журушот , а булар отуп баратса ата баланы сабап [moderated]. Мыйзамга каттуу турсалар соонун болмок да аттин карапайым калкты кыйнабай.
+5
bekmaral
2018-07-21 16:51:48
Кыргызстандын торундо олтурушат экен да анан откон кыргыздарды сабайт экен.Картада анклав болуп тт.Булар каяктан отот.Жолун тосуп сабаш кк.
+3
senchi
2018-07-21 18:59:11
Баласынын козунчо атасын сабап салса кандай журокто кала турган нерсе. Силердин балдарынардын козунчо сабаса эмне кылат эленер? Кылмыш иши козголот же козголбойт дегендер эмне дейсинер жооп бергилечи?
+5
Arietniazaliev
2018-07-21 20:06:29
Менин 3 дос балам 2015жылы 3 узбекти уруп 40минден 120мин берип кутулган кадамжайда тосмо арыз алган чакта алышкан акчаны
+2
Hatali
2018-07-21 20:49:41
ХХХХХХХХХХХ Ошто болсо атасынын торундо жургондой журушот .
+3
urmat-77
2018-07-21 23:43:35
Ач дагы чек араны жакында баарыбызды кө.өндөйт.Тойбогон чоңдор.Болбогонго олтурат . СДПКнын өздөрү өздөрүн айтты го керек болсо энесин сатат деп.
+1
Birimdik5555
2018-07-21 23:50:44
Кылмыш иши козголот же козголбойт деген эмнеси,куудулдардын сатираларына окшоп. Урдубу денесине залал келтирбесе дагы кылмыш иши козголуш керек. Штраф толотуш керек [moderated]га очойтуп
+3
Malik92
2018-07-22 10:12:28
Жеенбеков Мирзийевге Нота жөнөтсүн.Ошондо билинет-Урматыбыз барбы,же жокбу кошуналар үчүн.
+1
aidai89
2018-07-22 10:16:08
кылмыш козгобойт озбекстандын границасына мыйзамсыз кирген деген шылтоо менен жаап коет
+1
Zhoro
2018-07-22 18:20:02
Шаймерден кыргыздын жери арендасы буткончо озбектер менчиктештирген
0
atakyzy
2018-07-22 21:06:53
Баткен Кадамжайда бут акчага бутот иш акчага тез эле сатылат кызматкерлер кылмыш иши козголбойт десе да тан калбайм
0
Niaz007
2018-07-23 01:47:34
Эмне эле болуп жатат? Бул кетиште Кыргызстан онукпойбузго! Бийликтегилер том м жери болуп журушот чек ара, карыз жана башка маселелер толуп жатат карап иштешсе болмок. Мекендешим айтмакчы (Daniyar93) Бишкек жана Ош аталган борборлорубузда кенири журушот ошолорго тартип киргизип карашса. Жер бетин картадан карап отуруп мекенибиздин кичинерип баратканына журок чыдабай кетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан