Бүгүн, 21-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдештер старт алды. Анда Азия өлкөлөрүнөн келген спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашууда.
Аталган мелдеште 65 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев жарым финалда ирандык Азим Махсудини утуп, финалга аттанды.
Буга чейин Акматалиев казакстандык Куаныш Дүйшөнкулду жана чейрек финалда өзбекстандык Ихтиор Нормуродовду жеңип алган.
Айта кетсек, Азия биринчилигинин жарым финалында дагы бир Кыргыз спортчу күч сынашат. Анда 97 килограммга чейинки салмак ченинде Кунай Нурдавлетов өзбекстандык Умид Жураев менен кездешет.