Бүгүн, 21-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдештер старт алды. Анда Азия өлкөлөрүнөн келген спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашууда.
Анда Кыргыз балбандары Алмаз Сманбеков жана Кунай Нурдавлетов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде япониялык Хюга Танигучини утуп алган. Чейрек финалдык беттеште Кыргыз балбаны өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды. Бирок өзбекстандык балбан финалга аттанып, Алмаз Сманбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Сманбеков кытайлык Ванху Зои менен беттешет.
97 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кунай Нурдавлетов чейрек финалдык беттеште Түркмөнстан спортчусу Зиямухаммет Сапаров менен кездешип, анын үстүнөн 8:5 эсеби менен жеңишке жеткен. Жарым финалда Нурдавлетов казакстандык Серик Бакытхановдон утулуп калып, эми коло медаль үчүн күрөшөт. Анда Кунай Нурдавлетов өзбекстандык Умид Жураев менен беттешет.
Эске салсак, буга чейин 65 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалга өтүп эми алтын медаль үчүн япониялык Такума Танияма менен беттешет.