Футбол боюнча "Надежда" аттуу кыздар арасындагы эл аралык мелдеште Кыргыз курамасы 3-орунду ээлеп калды

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыздар арасындагы "Надежда" аттуу эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Анда акыркы 3-турдун алкагында Тажикстан-Казакстан жана Кыргыз-Өзбекстан беттештери орун алды.

Тажикстан менен Казакстан курамаларынын беттеши 0:4 эсеби менен жыйынтыкталды. Оюндун жүрүшүндө казакстандык Эльдана Айтимбетова 47 жана 59-мүнөттөрдө айырмаланса, 74-мүнөттө Александра Бурова жана 80-мүнөттө Дильназ Жакиева гол киргизишип командасына жеңиш алып кетти.

Кыргыз-Өзбекстан беттешинин жүрүшүндө алгачкы голду өзбекстандык Камола Эркинова 8-мүнөттө киргизип, 10-мүнөттө Ойсара Сүйүнова эсепти 0:2 кылып командасын алдыга чыгарды. 28-мүнөттө Толгонай Алмазбекова айырмаланып эсепти 1:2 кылса, 52-мүнөттө эсепти 2:2 кылып кетти. Муну менен 0:2 эсебинде утулуп бара жаткан Кыргыз курамасы эсепти тең кылып атаандашына жеңишти берген жок.

Муну менен мелдештин жыйынтыгында 7 упайга ээ болгон Казакстан курама командасы 1-орунду ээлеп, 2-орунду Өзбекстан курамасы ээледи. Кыргыз курамасы 3-орунда жайгашса, 4-орунда Тажикстандын спортчулары болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Burubek
2018-07-22 01:42:46
Кыргызстан вратарь сөз жок соонун алга. Футбол. Алга Кыргызстан
0
Nazar76
2018-07-22 06:59:44
Азаматсыңар сборной Кыргызстанга караганда жакшы ойнойт экенсиңер
0
Floweriza
2018-07-22 11:01:48
Минус бассанар баскыла, мен озум футболго кызыгам,бирок футбол кыздар учун эмес, хобби катары ойносонор болот анан ФИФАнын рейтингинде биздин улуттук курама команда гана (только балдардан турган )корсотулот и чемпионатка катыша алат,так что футболист жигиттерибизге конул болуп онуктурсун!
0
Blackmoon
2018-07-22 11:54:09
Сакендерди утуш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан