Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев күмүш медалды тагынды.
Аталган мелдеште 65 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев жарым финалда ирандык Азим Махсудини утуп, финалга аттанган. Финалдык беттеште Акматалиев Такума Танияма менен кездешип, тилекке каршы, 2:6 эсебинде жеңилип калды.
Буга чейин Эрназар Акматалиев казакстандык Куаныш Дүйшөнкулду жана чейрек финалда өзбекстандык Ихтиор Нормуродовду жеңип алган.