Ош шаарында 21 жаштагы жигит таанышынын унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болуп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-июлга караган түнү болжол менен саат 03:00 чамасында катталган.
"Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Факт боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда айдоочу Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп, убактылуу шаарда жашап жүргөн 21 жаштагы А.У. экендиги аныкталган. Ал Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Мөөнөк айылынын 28 жаштагы тургуну Э. уулу Н. аттуу таанышына таандык болгон Хундай Тускани үлгүсүндөгү унаасын айдап, Ош шаарынын Шакиров көчөсүнөн түштүктөн түндүккө карай бара жатып, рулду башкара албай дарактарды сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын алдыңкы отургучундагы жүргүнчү 19 жаштагы А. кызы Г. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу А.У. денесинен оор жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор", - деди маалымат катчы.
Бул жол кырсыгы боюнча Ош ШИИБи тарабынан соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.