Бүгүн, 22-июлда футбол боюнча жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышат. Анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашат. Мелдеш 22-30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтөт.
Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Нурлан Букуевдин алдында катышып, алгач Иран курамасы менен беттешет.
Айта кетсек, мелдешке чакырылган футболчулардын арасында Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы Орусия-Хорватия
беттешине топ алып чыккан Ырыскелди Тыныбеков да бар.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
- 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
- 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
- 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
- 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
- 30-июль: Түркмөстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
- Дарбазачылар: Курманбек Нурланбеков ("Дордой"), Роман Жаныбек уулу ("Академия");
- Коргоочулар: Айтенир Балбаков, Бейкунт Бейшебай уулу, Артур Данияров ("Илбирс"), Талгатбек Бактыбеков ("Дордой"), Ибрахим Жетимишов ("Академия");
- Жарым коргоочулар: Баймырза Алманбет уулу, Арсен Шаршенбеков, Баястан Боконов ("Дордой"), Ырыскелди Тыныбеков, Байбол Эрмеков, Алинур Зарылжанов ("Илбирс"), Алинур Булабаев (Фрунзе);
- Чабуулчулар: Ааламбек Абылкасымов ("Абдыш-Ата"), Захриддин Абдилажонов, Кудурет Темирбеков ("Академия"), Атай Иличбек уулу ("Дордой").