Кыргыз балбаны Динисламбек Таалайбек уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынды

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Динисламбек Таалайбек уулу коло медалдын ээси болду.

Азия чемпиондугунун жыйынтыктоочу күнүндө эркин күрөшү боюнча беттештер орун алып, спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашты.

Аталган мелдеште Кыргыз балбандары Бекжан Камчыбеков жана Динисламбек Таалайбек уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышкан болчу.

86 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Динисламбек Таалайбек уулу чейрек финалда түркмөнстандык Азат Гажиев менен күрөшүп утулуп калган. Бирок түркмөн спортчунун финалга өткөнү Кыргыз балбанга коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Таалайбек уулу өзбекстандык Рустам Шодиев менен беттешип, анын үстүнөн 7:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми Бекжан Камчыбеков 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде эле индиялык Сачин Ратхка жеңилип калган. Индиялык балбан финалга аттанып, Камчыбековго көңүл жубатуучу раундда күрөштү. Анда Кыргыз балбаны алгач таиланддык спортчуну утуп, коло медаль үчүн күрөштө ирандык Али Бахтияр Савадакохиге жеңилип калды.

Муну менен эркин күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы жалпы эсепте 1 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан