Бүгүн, 23-июль күнү Орусиянын Москва шаарында Кыргыз аялдын эки баласын барымтага алып, андан акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазууда. Полициянын берген маалыматына караганда, окуя шаардын түштүк тарабындагы райондордун бириндеги батирде Москва убактысы боюнча таңкы саат 4:00 чамаларында болгон. Анда белгисиз эки адам Кыргыз жарандары жашаган батирге бычак көтөрүп киришкен. Ал учурда батир ичинде бир Кыргыз аял жашы жете элек эки уулу менен гана болгон. Алар эки баласын кармап алып андан акча берүүнү талап кылышкан. Бирок ал сыртка качып чыгып кетип полиция чакырган.
Айтылган даректеги үй полиция тарабынан кучоого алынып, балдар өз апасына өткөрүлүп берилгени жана кармалгандар Өзбекстандын жарандары экендиги кабарланды.