Футболчу Месут Озил Германия курама командасында карьерасын токтотууну чечти

Футболчу Месут Озил Германия курама командасында карьерасын токтотууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, футболчу ага карата улутчулдук мамилеге туш болгондуктан курама командадан кетүү чечимин кабыл алган.

Футболчу социалдык тармактагы баракчасына: "Биз жеңишке жеткен учурда Гриндель жана анын тарапташтарынын көзүнө немис болуп көрүнөбүз. Бирок биз жеңилген учурда мен алар үчүн иммигрантмын. Германияда төлөгөн салыктарым, 2014-жылы Дүйнө чемпиондугунда жеткен жеңишим, немис мектептерине акчалай жардам көрсөткөнүмө карабастан мени бул коомдо толук кандуу немис катары кабыл алышкан жок. Мага бөтөн адам сыяктуу мамиле кылышты. Менин досторум Лукаш Подольски жана Мирослав Клозени германиялык поляк катары бөлүшпөйт, анда эмне үчүн мага германиялык түрк катары мамиле кылышат? Мунун себеби түрк болгонум үчүнбү? Же мен мусулман болгонум үчүнбү? Менин оюмча, бул маанилүү маселе. Мен Германияда төрөлүп-өскөм, эмне үчүн мени элдер немис катары санашпайт?" - деп жазган.

Ошондой эле ал "акыркы окуяларга байланыштуу жана узак ойлонуулардан кийин мага карата орун алган улутчулдук мамилени унутканча Германия курамасы менен эл аралык деңгээлде карьерамды токтотуу чечимин кабыл алдым" деген билдирүү калтырган.

Айта кетсек, Германияда Месут Озилдин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен чогуу түшкөн сүрөтү талкууга түшүп, Германия футбол союзунун башчысы Райнхард Гриндель Озилди катуу сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bahabrat79
2018-07-23 15:05:40
Чынын айтсам мен Германия курама командасын Месут Озилди тааныгандан баштап күйөрмандык кылып келе жаткам. Өкүнүчтүү....
+3
monster_high_98
2018-07-23 15:21:46
Ушунча убакыт чыдаштын эмне зарылчылыгы бар эле, башка жакка барсан деле кучагын жайып тосуп алчулар толтура!Бироого кор болгончо
0
Daniel01
2018-07-23 15:29:48
Геоманиянын ойунун коруштун кызыгы жок эми
+3
jumaev0084
2018-07-23 15:57:42
Жуйнодогу эн улутчул эл Немистер 2 чи орустар
+3
Patoshik1
2018-07-23 16:31:19
жалкоо футболист Озил. Германия Озил жок наоборот кучтуу болот.Боатенг,Хедира ушуларды да жок кылыш керек!!!
-2
bond02
2018-07-23 16:34:29
Туура, башкасын алмаштырсан да атан карманган динди алмаштырбаш керек.
+1
Patoshik1
2018-07-23 16:39:30
bond02,Турцияда ойнош керек эле ушунча мекенин суйсо.болбогон соз бул.убагында билген эгерде Турцияга ойносом жылыш болбой деп.эми азыр немистерге да туркторго да кереги жок калды! куноо футболистин озундо!
-2
Modric10
2018-07-23 18:01:31
туура эле кылды Озил.озу оюнун журбодубу дароо командага тоскоол болбой чыгыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан