Бүгүн, 23-июлда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков "Аngels Fighting" уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрөт.
Анда "Angels Fighting-7" мелдешинин алкагында Тилек Жээнбеков түштүк кореялык спортчу Жун Су Лим менен беттешет. Бул беттеш жарым оор салмак ченинде ваканттуу чемпиондук кур үчүн орун алат.
Айта кетсек, Тилек Жээнбеков оор салмак ченинде Дүйнөлүк кулатуу федерациясы "WEF'тин" чемпиондук курунун ээси.