Чүй облусунда көлмөгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында көлмөгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-июлда саат 14:39 чамасында болгон.

"Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндөгү көлмөгө 1986-жылы туулган Ж.А. аттуу (эркек) жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине 14 куткаруучу тартылып, натыйжада бүгүн, 23-июль күнү саат 14:20 чамасында көлмөгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан